Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:47

Казакстанда иш таштаган мунайчылар акциясын токтотушту


Казакстан. Архивдик сүрөт.
Казакстан. Архивдик сүрөт.

Казакстанда бир нече күндөн бери иш таштап, айлык маяна боюнча талаптарын коюп келген жумушчулар акциясын токтотушканын “Азаттыктын” казак кызматы 29-апрелде жергиликтүү бийликтин жана жумушчулардын өзүлөрүнүн маалыматына таянып жазды.

Актөбө облусунун аймагында жайгашкан мунай-сервистик «Батыс-Мунай» компаниясынын жүздөгөн жумушчулары 27-апрелде маянасын көбөйтүү талабы менен иш ташташкан.

Ишкананын жетекчилиги экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатканын билдирип, алардын талаптарын карап чыгууну убада кылды. Айлык качан жана канчага жогорулатылары айтылган жок.

Мугалжар районунун акимчилиги ишканада абал туруктуу экенин маалымдады.

Казак-кытай «Батыс-Мунай​» ишканасы Мугалжар жана Темир райондорундагы мунай кендерин тейлейт. Жумушчулар айлыгын 100 процент жогорулатуу талабын коюп жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG