Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Украинада өлгөн 22 миңдей орус аскеринин тек-жайы такталды


BBC жана "Медиазона" басылмалары Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 21 миң 700 жоокердин тек-жайын тактады. Алардын 3041и элиталык бөлүктөрдүн аскерлери.

Журналисттер согушта өлгөндөрдүн эсеби орус армиясынын Украинадагы жоготуусунун реалдуу санын билдирбей турганын, иш жүзүндө адам өлүмү мындан да көп адам болушу мүмкүн экенин белгилешет.

Иликтөөчү кабарчылар медиа каражаттарына чыккан жана жергиликтүү бийлик берген жаңылыктардын, каза тапкандардын туугандарынын социалдык баракчаларга жазган билдирүүлөрүнүн негизинде маалымат топтойт.

Чогултулган маалыматтар акыркы айларда өлгөндөрдүн көбү Бахмуттун жанындагы салгылашууларга катышып жаткан “Вагнер” жалданма уюмунун жоочулары экенин көрсөтүп турат. Журналисттер март айында орус абактарынан жалдангандар согуштагы жоготуулардын эң көп бөлүгүн түзгөнүн белгилешкен.

Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңден көп деп эсептеген.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында басып кирген. Андан бери БУУнун эсебинде сегиз миңден ашуун карапайым тургун набыт кетти.

Киев майданда 13 миңдей жоокери курман болгонун былтыр жыл соңунда маалымдаган. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу былтыр 21-сентябрда согушта 6 миңдей жоокерин жоготконун билдирген. Адатта согушуп жаткан тараптар курмандыктарынын санын так айтпайт. "Азаттык" радиосу согуш шартында маалыматты өз алдынча текшере албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG