Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Депутат өкмөт башчынын орун басарын алмаштырууну сунуш кылды


Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште. 2023-жылдын 28-апрели.
Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште. 2023-жылдын 28-апрели.

Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттар тобу бүгүн 28-апрелдеги биргелешкен отурумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу тууралуу сунуш кабыл алышты.

Депутат Надира Нарматованын мындай сунушу камтылган чечимди депутаттар бир добуштан колдошту.

Аталган отурумда ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгек оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонддун Кыргызстанга бөлгөн гранттык каражатынын пайдаланылышы боюнча маселе каралды.

Депутат Нарматова Байсаловго берген суроолору жоопсуз калып жатканын белгилеп, президентке аны иштен алуу сунушун берүү керектигин айтты:

“Колуңардан келбейби, тапшырып бергиле. Иштечүгө берсин президент иштей турган кадрларды коюп. Социалдык тармактын бардыгы ойрон болду. Коюш керек иштей турган аял кишилерди”.

Байсалов азыркы учурда ар бир министрликте “бүт саясаттын баарын министр өзү чечерин” айтып, “Мурунку өкмөттөрдүн регламентинен биздики асман менен жердей. Регламент, жетекчиликтин иши...”, - деп жооп берди.

Депутат Жылдыз Садырбаева аталган фонддон каражат алууга арыз мыйзам бузуу менен жазылганын, координациялык комитетте “кызыкчылыктар кагылышы” бар экенин айтып чыкты. Эдил Байсалов фонддун ишмердүүлүгү боюнча Кыргызстан тараптын координациялык кеңешинин курамы кайра каралып чыгарын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG