Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Кене чагып алып, доктурга кайрылгандар көбөйүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кене чагып, ооруканага кайрылгандар соңку күндөрү көбөйө баштаганын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Мекеменин 27-апрелдеги маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери 170ке жакын адам катталды, алардын көбү Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө.

Адистер адатта жаз-жай айларында кене чагып алгандар көп катталарын, талаа-тоого чыкканда абайлоо керектигин эскертип келишет.

Кене энцефалити адамдын борбордук нерв системасын жабыркатуучу вирустук илдет. Адам алгач бир аз алсырап, ооруксунуп, көп өтпөй жакшы болуп калат. Бирок болжол менен бир аптадан кийин оорунун экинчи фазасы башталып, бейтаптын денеси ысып, башы ооруй баштайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG