Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Депутат Кыргызстан-АКШ келишимине кол коюуну тездетүүгө чакырды


Мейкинбек Абдалиев.
Мейкинбек Абдалиев.

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы жаңы келишимди кабыл алууну тездетүүгө чакырды. Мындан улам төрагага кайрылып, протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

"Жаңы келишимдин долбооруна ушул кезге чейин кол коюлбай жатат. Документтин биздин экономикабызга, биздин жарандарыбыздын Америкага барып окуп, билим алуусуна, айыл чарбабыздын өнүгүшүнө салымы болмок. Биздин көптөгөн жарандарыбыз АКШга барып иштеп келебиз деп Мексика аркылуу кетип, чоң азаптарга кабылып жатат. Өмүрүн тобокелчиликке салып барып жатат. Эгер эки өлкөнүн ортосундагы келишимге кол коюлганда ушул маселелер кыйла чечилмек. Урматтуу төрага, протоколдук тапшырма берип, жаңы келишимге кол коюу боюнча ишти тездетүү тууралуу тапшырма берсек",-деди депутат.

Апта башында президент Садыр Жапаров Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу менен жолуккан. Сүйлөшүүдө алака-катыш жөнүндөгү макулдашуу тууралуу сөз болуп-болбогону расмий айтылган эмес.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Жаңы келишим кабыл алынары айтылганы менен азырынча жүзөгө аша элек.

Былтыр Дональд Лу Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын “Азаттыкка” айтып берип, “Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз”,-деп айткан.

Буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев келишим боюнча иш жүрүп жатканын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG