Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Күрөш: Акжол Махмудов Роман Власовду утту


26-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өткөн Иван Поддубный күрөш лигасынын турниринде грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов менен орусиялык Роман Власов күч сынашты.

Беттеш 1:1 эсеби менен аяктап, акыркы баллды Акжол Махмудов алганы үчүн ал жеңишке жетти.

24 жаштагы Акжол Махмудов үч жолку Азия чемпиону. Ошондой эле Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Дүйнө чемпиону.

32 жаштагы Роман Власов Олимпиада оюндарынын эки, дүйнөнүн үч, Европанын төрт жолку чемпиону.

Ушул эле турнирде грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков орусиялык Динислам Бамматовду 7:2 эсеби менен утту. Бул анын аталган лигадагы үчүнчү жеңиши.

Poddubny Wrestling League аталышындагы профессионалдык күрөш лигасы 2022-жылы үч беттеш өткөргөн. Таймаштардын экөө Москвада, бирөө Бишкекте уюштурулган. Лиганын расмий сайтындагы маалыматка караганда, ушул кезге чейин ага 15 өлкөдөн 1000ден ашуун балбан катышкан.(BTo/ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG