Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Эл аралык мейкиндикте Орусиянын аскердик учактары кармалды


Орусиянын Ил-20 чалгын учагын НАТОнун аскер-аба күчтөрү Балтиканын үстүндө кармады
Орусиянын Ил-20 чалгын учагын НАТОнун аскер-аба күчтөрү Балтиканын үстүндө кармады

Орусиянын транспондер сигналдары жок үч аскердик учагы Балтика деңизинин үстүндө, эл аралык аба мейкиндигинде кармалды. Бул тууралуу германиялык Luftwaffe авиакомпаниясы билдирди. Маалыматка караганда, эл аралык аба мейкиндигинде орусиялык эки Су-27, бир Ил-20 учагы учуп жүргөнү аныкталган.

Кармоого НАТО миссиясындагы Германия менен Улуу Британия учактары катышты.

Ушул айдын башында Германия НАТОнун Балтикадагы аба полициясы миссиясын Британияга өткөрүп берген. Литва, Латвия жана Эстониянын өздөрүнүн согуштук учактары жок, ошондуктан НАТО союздаштары алардын аба мейкиндигин коргоого жооптуу.

21-апрелде Дания менен Швециянын Коргоо министрликтери Ил-20 учагынын Балтика деңизинин үстүндө кармаганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG