Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Садыр Жапаров Евробиримдик менен кызматташтыкты талкуулады


Президент Садыр Жапаров бүгүн 26-апрелде Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу мамилелерди жана ортодогу кызматташтыктын келечегин талкуулаганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

"Садыр Жапаров менен Шарль Мишель эки тараптуу жана көп тараптуу форматта боло турган иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты. Тараптар Кыргызстан менен ЕБ ортосунда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө бирдей даярдыгын билдиришти", - деп айтылды мекеменин маалыматында.

Кыргызстан Европа Биримдиги менен кеңири кызматташтык тууралуу жаңы келишимге европалык тараптагы жараян бүтөр замат кол коюуга даяр экенин быйыл 19-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирген. Ал келишим боюнча сүйлөшүүлөр үч жылдан бери жүрүп жатканын, документке быйыл кол коюлушу ыктымал экенин айткан.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Макулдашууну жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келе жатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаңы келишимге кол коюлганы жатканы тууралуу маалыматты былтыр апрелде да жарыялаган. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине бурулары кабарланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG