Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:55

Жалал-Абадда Чернобыл апаатынын курмандыктары эскерилди


Жалал-Абадда Чернобыл апаатынын курмандыктары эскерилди. 26-апрель, 2023-жыл.
Жалал-Абадда Чернобыл апаатынын курмандыктары эскерилди. 26-апрель, 2023-жыл.

26-апрелде Жалал-Абад шаарында Чернобыл апаатынын 37 жылдыгы эскерилди. Эскерүүгө мэриянын өкүлдөрү жана апааттын катышуучулары келди.

“Жеңиш” эс алуу багындагы эстеликке гүл коюлуп, куран окулду. Чернобыл апаатына Жалал-Абад шаарынан 120дай адам катышса, азыр алардын 16нын гана көзү тирүү.

СССР маалында - 1986-жылдын 26-апрелинде Украинадагы Чернобыл өзөктүк кубат ишканасында болгон жарылуу айлана-чөйрөгө оор зыян келтирип, жүз миңдеген адамдарды там-жайын таштап кеткенге аргасыз кылган. Бул ишкана 2000-жылдын 15-декабрында жабылган.

Станциядагы кырсыктын кесепетин жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Алардын жарымы дүйнөдөн өттү. Калгандары айына 7000 сомдон жөлөк пул алышат. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG