Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:27

Жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин чыгармалар жыйнагы жарык көрдү


Филология илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин "Зоока" аттуу чыгармалар жыйнагы жарык көрдү. Ага жазуучунун ар кыл убакта жазылган аңгеме, повесттери кирген.

Китептин бет ачары 26-апрелде, Улуттук тарых музейинде өттү. Ага кыргыз интеллигенциясынын бир катар өкүлдөрү, акын-жазуучулар жана окурмандар катышты.

Китеп миң нуска менен "Улуу тоолор" басмаканасынан чыккан.

Бейшенбай Усубалиев адабиятчылар арасында психологиялык прозанын чебери катары таанымал. "Түркүк", "Көз", "Түтүн", "Түн", “Зоока” ж.б. 50дөн ашуун аңгеме, повесттин, очерк, эссе, публицистиканын, алты прозалык жыйнактын, 300гө чукул илимий эмгектин автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG