Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:48

Швеция беш орус дипломатын өлкөдөн чыгарды


Швециянын желеги.
Швециянын желеги.

Швеция беш орус дипломатын өлкөдөн чыгарылганын жарыялады.

"Биздин аймактагы иш-аракеттери алардын дипломаттык статусуна туура келбейт",- деди тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем SVT телеканалына берген маегинде.

Орусиянын Стокгольмдогу элчиси Виктор Татаринцев Швециянын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, дипломаттар өлкөдөн чыгарылып жатканы тууралуу маалымат берилген.

Телеканалдын маалыматына ылайык, министр мындай билдирүүнү орус чалгындоосунун Дания, Норвегия, Швеция жана Финляндиядагы ишмердүүлүгү тууралуу тасманын кезектеги сериясы чыгаар алдында жасады.

Мурдараак иликтөөчүлөр НАТОнун машыгуулары учурунда Орусиянын 50 кемеси бул мамлекеттерге жакын жерде түшүнүксүз каттамдарга чыкканын аныкташкан.

Швециянын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлү иликтөөчүлөр менен сүйлөшкөндө орус элчилигинин ар бир үчүнчү кызматкери дипломатия менен алектенбестен, атайын кызматтардын кызыкчылыгына иштеп жатканын, бул Швеция үчүн коркунуч туудурарын билдирген.

Бир жарым жылдай убакыттан бери АКШ жана Европа мамлекеттери 200дөн ашуун орус дипломаттарын мекенине кайтарды. Алардын жүрүм-туруму “коопсуздук чараларына каршы келгени” белгиленген. Орусия да ушундай жооп кайтарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG