Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:06

“Азаттыктын” иши: Соттун лингвистикалык экспертизасы жыйынтыкталды


Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу тууралуу арызын караган соттук териштирүүдө дайындалган лингвистикалык экспертиза жыйынтыкталды. Бул тууралуу 25-апрелде “Азаттыктын” адвокаттары маалымдашты.

Экспертизанын корутундусунун мазмуну соттук отурумда белгилүү болот.

Кезектеги отурум 26-апрелде саат 15:00дө Бишкектин Ленин райондук сотунда башталат.

24-мартта судья Чолпон Каримбаева Маданият министрлигинин “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрында чыккан түз эфириндеги видеоматериалга лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчүн канааттандырган.

"Азаттык Медианын" адвокаттары мындай экспертизаны дайындоого каршы болуп, министрлик "Азаттыктын" сайтын бөгөттөөгө чейин бул маселени тактап алууга тийиш болгонун белгилешкен. Адвокаттар бул иш боюнча кылмыш иши козголбогон соң мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин айтышкан.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.

Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин "Азаттыктын" ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG