Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБин 100% газга өткөрүү пландалып жатканын айтты


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Өкмөт Бишкектин ыш маселесин чечүү үчүн Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаратылыш газына өткөрүүнү көздөп жатканын 25-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. «Ышка каршы күрөш: экология маселесин чечүүнүн практикалык жолдору» деген талкууда сүйлөгөн сөзүндө өкмөт башчы түтүнгө каршы күрөш боюнча иш-аракеттердин “жол картасы” жана жалпы экологиялык абал тууралуу маалымат берди:

"ЖЭБди 100% газга өткөрүү же ЖЭБден баш тартуу, электр энергиясын өндүрүү жагынан, энергетиканын кайра жаралуу булактарын өткөрүү боюнча иштерди баштадык. “Газпром Кыргызстан” менен биргеликте жаңы конуштарды 100% газдаштыруу иши башталды. Быйыл 10 конушта жана Бишкек менен чектеш Новопавловкада үйлөр газ менен камсыз болот. Электр менен жүрүүчү автобустар, машиналар киргизилүүдө. Велосипедчендер жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жашыл горизонталдуу жана вертикалдуу коридорлорду түзүү жагынан иштеп жатабыз. Жакында шамал энергиясы боюнча станцияны курууга капсула салдык”.

Талкууга бийлик кызматкерлеринен тышкары эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү маселесин буга чейин шаар депутаттары да көтөрүшкөн. Ишкананын жетекчилиги андай болсо ЖЭБ иштеп чыккан жылуулук жана электр энергиясынын баасы 30-40% жогорулашы ыктымал экенин эскерткен.

Соңку жылдары кышкысын Бишкектин үстүн боз түтүн, ыш каптаган күндөр көп боло баштады. Адистер буга ЖЭБ, таштанды полигону, жаңы конуштар, машинанын көптүгү, жеке сектордогу мончолор, көмүр жагуу, өнөр жай өндүрүшү себеп экенин айтып келишет.

Кышында ыштын деңгээли Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген чектен бир нече эсе жогору болуп жатканы аныкталган.

Бишкектин айланасында 50дөн ашык жаңы конуш бар, алардын 80% ашыгы кышында көмүр жагат, арасында ар кандай тиричилик калдыктарын, тигүү цехтеринен чыккан жараксыз чүпүрөктөрдү жаккандар да бар.

Былтыр Кыргызстанда “Жашыл мурас” улуттук программасы кабыл алынган. Анын алкагында 8 миллиондон ашык көчөт отургузулат деп айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG