Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Футбол: Ошто машыктыруучунун өлүмүнүн себеби иликтене баштады


Ош. Футбол академиясы.
Ош. Футбол академиясы.

23-апрель күнү эртең менен Ош шаарында Футбол академиясынын 29 жаштагы машыктыруучусу өз бөлмөсүндө көз жумганын 24-апрелде "Азаттыкка" шаардык милициядан билдиришти. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал жүрөгү токтоп калып каза болгон.

Бирок маркумдун көз жумган себебин так аныктоо үчүн медициналык экспертиза дайындалганы маалым болду.

Буга чейин "Каганат" футбол клубунда машыктыруучу болуп эмгектенген спортчу аталган клуб жоюлгандан кийин Оштогу Футбол академиясында иштеп жаткан.

Ош шаардык милициясы экспертизанын корутундусунан кийин кошумча маалымат берилерин билдирди.

Академиянын Инстаграмдагы баракчасына жарыяланган маалыматта маркум Бактыбек уулу Темирлан жамаат арасында да, жаш оюнчулар арасында да сый-урматка татыган адис болгону айтылды. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG