Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:56

Кыргызстанда кезектеги эмдөө жумалыгы башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кезектеги эмдөө жумалыгы башталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгеси менен уюштурулуп жаткан “Европалык иммунизация жумалыгы” алкагындагы иш-чаралар быйыл Кыргызстанда 24-30-апрель күндөрү өтөрүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен эл арасында эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт жана пландуу эмдөөдөн өтпөй калгандар вакцина менен камтсыздалат.

Бул жолу “Боштуктун ордун толуктоо” деген ураан менен өтө турган өнөктүк учурунда республиканын бардык аймактарында 76 мобилдик бригада иштейт. Пландуу эмдөө иш-чаралары менен катар вакцинаны убагында албай калгандар боюнча иш жүргүзүлөт.

Адистер бир катар жугуштуу оорулар эмдөөнүн гана жардамы менен ооздукталып келатканын, вакцинадан баш тартуу адамдын, айрыкча наристелердин ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратарын белгилеп келишет. Эмдөө боюнча улуттук календарга ылайык, бала төрөлгөндөн тартып аныкталган бир убакыт сайын вакцина алып турушу зарыл. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG