Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Жогорку Кеңешке шайлоо өтө турган округдан талапкерликке 24 жаран арыз берди


Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер болуу үчүн арыз тапшыргандар 24-апрелге карата 24кө жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдиргендей, талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз бергендер арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев жана башкалар бар. Мындан тышкары эки талапкер берген арызын кайра алышкан.

Аталган округ боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт, талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 27-апрелде аяктайт.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Аталган округ боюнча эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров өткөн айда мушташка байланыштуу мандатын тапшырган. Абиров 31% добуш менен жеңген, андан кийин камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков 10% добуш алып, экинчи орунга чыккан. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу азыр тергөө абагында отурган Жээнбеков бул шайлоого да катышуу ниети бар экенин, бирок БШКга барып документин тапшырууга мүмкүнчүлүк бербей жатышканын 24-апрелде билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG