Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:02

Былтыр Кыргызстанда 220 миң өзбек жараны убактылуу каттоого турган


Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.
Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 24-апрелдеги жыйынында санарип өнүктүрүү министинин орун басары Жазгүл Кийизбаева Кыргызстанга келип-кеткен өзбек жарандары тууралуу маалымат берди. Анда былтыр 60 күнгө каттоого тургандардын саны 220 миңден ашканын айтты.

"Өзбекстандын жарандары, чет өлкөлүктөр Кыргызстанга келгенден кийин беш күндүн ичинде 60 күнгө каттоого турушу керек. Былтыр Калкты каттоо департаментинде 220 миңден ашуун өзбек жараны катталган. Быйылкы жылдын алгачкы үч айында, биринчи кварталында 53 миң өзбекстандык катталды",- деди Кийизбаева.

Кыргызстанга өзбек жарандары көп учурда курулушта иштегени келет.

Былтыр жыл аягында Санарип өнүктүрүү министрлиги Өзбекстан менен Азербайжандын жарандарын Кыргызстанда бир айга чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Учурда эки өлкөнүн ортосунда бир нече чек ара бекети иштеп жатат. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы эки жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG