Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:23

Европа өнүктүрүү банкы Бизнес-акыйкатчы институтун каржылоону токтотот


Бизнес-акыйкатчы институтунун логотиби.
Бизнес-акыйкатчы институтунун логотиби.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстандагы Бизнес-акыйкатчы институтун каржылоону токтото турганын жарыялады. Банктын маалымат кызматы билдиргендей, бул тууралуу чечим 30-апрелде күчүнө кирет.

Билдирүүдө 2020-жылы түзүлгөн институт өлкөнүн бизнес климатын жакшыртууда оң жыйынтык бергени, банк мындан ары дүйнөлүк тажрыйбаны жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Бизнес-омбудсмен институтунун ылайыктуу форматын аныктоодо кыргыз өкмөтүнө жардам берери да айтылат.

Банк ошондой эле Министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңешти күчтөндүрүүгө салым кошо турганын белгилеген.

“Бизнес жана инвесторлордун ишине байланыштуу мыйзамдардагы көйгөйлөрдү аныктоо жана жөнгө салуу, нормативдик актыларды оптимизациялоо жаатында, бийлик менен жеке сектордун диалогун жакшыртууга багытталган иштерди өлкөнүн өкмөтү менен бирге улантабыз”, - деп жазылган билдирүүдө.

Кыргызстанда Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү боюнча токтом 2018-жылы 31-декабрда чыккан. Өлкөдө ишкерлердин укуктарынын жана эркиндигин коргоо, коррупцияны азайтуу жаатында иштеген институт Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Акционерлеринин атайын фондунан каржыланып келген.

ЕРӨБ бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандагы 219 долбоорго 921 миллион доллар инвестиция салган. Бул каражаттын басымдуу бөлүгү жеке ишкердикти колдоого багытталган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG