Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Британия Кара-Мурзанын сот өкүмүнөн кийин беш орусиялыкка санкция салды


Владимир Кара-Мурза сот залында.
Владимир Кара-Мурза сот залында.

Москва сотунун оппозиционер Владимир Кара-Мурзаны 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмүнөн кийин Британиянын өкмөтү беш орус жаранына санкция киргизди.

"Кара тизмеге" Кара-Мурзага чечим чыгарган судья Елена Ленская, саясатчынын кармоого катышкан тергөөчүлөр Денис Колесников менен Андрей Задачин илинген. Мындан тышкары, ФСБнын эки кызматкери Александр Самофал жана Константин Кудрявцев да британдардын санкциясына кабылды. Алар 2015-жылы Владимир Кара-Мурза ууландырылганда аны артынан аңдыган ыкчам топтун курамында болгон.

Эми аларга Британияга кирүүгө тыюу салынып, алардын активдери камакка алынат. Мындан тышкары, британ өкмөтү орус бийлигин Кара-Мурзаны дароо жана эч кандай шартсыз абактан бошотууга чакырды.

Москва шаардык соту Владимир Кара-Мурзаны 25 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести. Бир жыл мурун кармалган саясатчыга каршы "Орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга анын АКШнын Аризона штатындагы мыйзам чыгаруучулардын алдында орус бийлигин жана Украинадагы согушту сындаган сөздөрү себеп болгон.

10-апрелде Кара-Мурза сотто акыркы сөзүн сүйлөгөндө өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна алган эмес жана саясий ишмердиги менен сыймыктанарын айткан. Оппозициялык ишмердин 25 жылга кесилишин дүйнө коомчулугу, эл аралык журналисттер жана Европарламент айыптаган.

42 жаштагы Владимир Кара-Мурза саясатчы, журналист, режиссёр, публицист. Борис Немцовдун эркиндик фондунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы, "Тилектештик" демократиялык кыймылынын бюросунун, орус оппозициясынын координациялык кеңешинин мүчөсү болгон. "Эркин Орусия" фондунун вице-президенти катары эмгектенген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG