Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:36

Казакстанда жикчилдикке шектелген топтун үч мүчөсү эки айга камалды


Петропавловск шаары. Архив сүрөт.
Петропавловск шаары. Архив сүрөт.

Түндүк Казакстан облусунун прокуратурасы ушул аптада кармалган “элдик кеңештин” мүчөсү делген үч адам тергөө аяктаганга чейин камакка алынганын кабарлады.

“20-апрелде Петропавловск шаарынынын соту үч айыпталуучуга тең эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын бекитти”, - деп айтылат прокуратуранын сайтында.

Үч шектүү 18-апрелде кармалып, алардын аракеттери "Казакстандын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык, коопсуздукка коркунуч келтирген үгүт" деп сыпатталган. Көзөмөл органы экспертизанын негизинде "жикчилдиктин белгилери" табылганын да билдирген.

19-мартта социалдык тармактарда бир нече кишиден турган топ Казакстандагы Петропавловск шаарынын "Элдик кеңешине" бириккени тууралуу видео тараган. Анын мүчөлөрү "биздин мүлкүбүздү жана ресурстарыбызды башкаруу системасынын бардык уюштуруучуларына жана кызматкерлерине ишенбөөчүлүк жарыялайбыз" деген.

Коомдогу нааразылыктан улам Түндүк Казакстан облусунун полициясы териштирүү баштаган.

"Элдик кеңеш" Казакстандын бүтүндүгүнө шек келтирбегенин, "кошуна жана башка өлкөлөрдөгү" тыюу салынган жамааттар менен байланышы жоктугун айтууда.

Казакстандын түндүгүндөгү Петропавловск Орусиянын чек арасынан 50 чакырым алыс жайгашкан. Шаар тургундарынын жарымынан көбүн орус улутундагылар түзөт.

Аймактардагы жикчилдик көйгөйлөрүн жарыялаган билдирүүлөр социалдык тармактарда пайда болуп турат. Өзгөчө Украинада согуш башталганы бул тема казакстандыктар үчүн абдан талылуу болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG