Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:47

Белгороддо орус учагынан авиабомба кулап, эки адам жабыркады


Белгород, иллюстрациялык сүрөт.
Белгород, иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Белгород шаарында орусиялык Су-34 үлгүсүндөгү учактан авиабомба кулады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады. Мунун алдында, бейшемби күнү кечинде жергиликтүү Телеграм-каналдарда шаардагы көчө кесилиштердин биринде чоң оюк жаралганы тартылган сүрөт, видеолор жарыяланган. Министрлик бул окуяны "авиациялык ок-дарынын шаттык эмес түшүүсү" катары сыпаттады.


Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков шаарда жарылуу болгонун ырастаган. Баштапкы маалыматка ылайык, эки адам жабыркады, алардын биринин абалы орточо оор, экинчиси ооруканага жатуудан баш тарткан.

Жарылуунун айынан көчө четинде токтоп турган бир канча машина, көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги төрт батир жабыркады.

Орусиянын Украина менен чектешкен Белгород, Брянск жана Курск облустарындагы атышуу, жарылуу тууралуу маал-маалы менен маалымат чыгып турат. Анын негизинде адам өмүрү кыйылган учурлар катталган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү буга байланыштуу украин тарапты күнөөлөйт, Киев болсо бир дагы жолу комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG