Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

АКШ элчилиги кыргызстандык жети кишиге “Манас-Вашингтон” сыйлыгын тапшырды


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин колунан “Манас-Вашингтон” сыйлыгын алган адамдардын бир тобу. 20-апрель, 2023-жыл.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин колунан “Манас-Вашингтон” сыйлыгын алган адамдардын бир тобу. 20-апрель, 2023-жыл.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги “Манас-Вашингтон” аттуу сыйлык негиздеп, аны Бишкекте биринчи жолу тапшырды. Бул тууралуу 20-апрелде сыйлык тапшыруу аземине катышкан “Азаттыктын” кабарчысы кабарлады.

Элчиликтин Фейсбуктагы баракчасында жазылгандай, аталган сыйлык билим берүүгө, спортко, аялдардын тең укуктуулугун камсыз кылууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо тармагына салым кошкон адамдарга ыйгарылды. Кыргызстандын ар бир облусунан бирден адам тандалып алынган.

Баткен облусунда автордук мектеп-гимназия негиздеген мугалим Гапыр Мадаминов, Чүй облусунан көзү азиз спортчу, майыптардын укугу үчүн күрөшкөн Жалалидин Абдувалиев, Ысык-Көл облусунан кыздардын хоккей командасынын машыктыруучусу Саламат Абдрахманов, Жалал-Абад облусунан бакча жетекчиси, бир нече китептин автору Максуда Жумалиева кеп болуп жаткан сыйлыкка ээ болду.

Нарын облусунан майыптардын укуктары үчүн күрөшкөн Улукбек Бакаридинов, Ош облусунан аялдардын укуктары үчүн күрөшкөн Дарийкан Асылбекова жана Талас облусунан билим берүүгө салым кошкон Мыскал Сагынбаева АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин колунан сыйлык алды.

“Манас-Вашингтон” сыйлыгы кыргыз элинин эпостук баатыры Манастын жана Америка Кошмо Штаттарынын биринчи президенти Жордж Вашингтондун ысымдарынан жалгашып куралган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG