Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:03

Мас абалда автоунаа айдаган судья кызматтан алынды


Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков (оңдо) баштаган кеңешме судья Жеңишбек Барынбаевдин арызын карап жаткан учуру. 25-март, 2023-жыл.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков (оңдо) баштаган кеңешме судья Жеңишбек Барынбаевдин арызын карап жаткан учуру. 25-март, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 20-апрелде жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында жарыяланды.

Судьялар кеңешинин сунушуна ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбековдун, Бишкек шаардык сотунун судьясы Анара Өмүралиеванын жана Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Маалыматта алар өз каалоосу менен арыз жазып бергени айтылган.

Мындан сырткары Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова отставкага кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулуп, анын ыйгарым укуктары токтотулду.

Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев мас абалда автоунаа айдаганы үчүн кечирим сурап, 25-мартта Жогорку Соттун төрагасына арыз жазып берген. Судьялар кеңеши ошонун негизинде президентке сунуш киргизген.

Каракол шаардык Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери 8-мартта "Тойота Виш" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун кармашкан. Айдоочу Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы, 1974-жылы туулган Жеңишбек Барынбаев болуп чыккан. Медиктер анын канында алкоголь бар экенин ырасташкан.

Айдоочуга карата административдик протокол түзүлгөн. Жаңы мыйзамга ылайык, анын айдоочулук күбөлүгү да алынышы керек болчу. Каракол шаардык сотунун судьялары өз кесиптешинин ишин карап, чечим чыгарбай, протоколду Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына кайра жөнөтүп жиберген. Иштин материалдары Ысык-Көл облустук сотуна жөнөтүлгөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков соттук процесске катышкан тараптарынын бирине соттун аныктамасын бербегени үчүн өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган. Бишкек шаардык сотунун судьясы Анара Өмүралиева эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG