Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:29

Бишкекте перс каллиграфиясы боюнча көргөзмө өтүүдө


“Перс каллиграфиясы жана алтын жалатуу өнөрү” аталышындагы көргөзмө.
“Перс каллиграфиясы жана алтын жалатуу өнөрү” аталышындагы көргөзмө.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Перс каллиграфиясы жана алтын жалатуу өнөрү” аталышындагы көргөзмө өтүп жатат.

Көргөзмөдө тасхиб (алтын жалатуу) өнөрү менен кооздолгон сульс, шекасте, насталик жана башка кол жазмалар менен жазылган перс каллиграфиясынын эмгектери коюлган.

Көрүүчүлөргө ирандык каллиграфия чеберлери Асгар Мохаммади жана Али Бахмани мастер-класстарды өтүп жатышат. Кыл калем чеберлери персиялык алтын жалатуу өнөрү, китептерди көркөмдөө, перс жазуу куралдары жана жазуу техникалары менен тааныштырышууда.

18-апрелде ачылган көргөзмөгө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года жана бир катар искусство сүйүүчүлөр катышты.

Көркөм сүрөт музейиндеги каллиграфия боюнча көргөзмө 20-апрель кечки саат 18:00гө чейин уланат.

Перс каллиграфиясы Ислам цивилизациясынын тарыхындагы белгилүү өнөрлөрдүн бири. Ислам динин кабыл алынгандан кийин перстер арабдардын куфи, насх жана сульстун кол жазмаларын колдонуп, өздөрүнүн талик, насталик, шекаста, маола деген түрлөрүн ойлоп табышкан.

Исламдын алгачкы кылымдарында арабдар, андан кийин перстер Курандын негизги фразасын кооздоо үчүн атайын оймо-чиймелерди колдонушкан. Кийин китеп бетиндеги бардык сөздөрдү кооздоп, четиндеги саптардын жана алкактын ортосундагы боштуктарды оймо-чиймелер менен толтуруп башташкан.

Тасхиб (алтын жалатуу) геометриялык же ботаникалык оюм-чийим мотивдери менен китептин мукабаларын жана ички беттерин кооздоонун өнөрүнө айланган. Тасхиб мектептери Иранда ушул күнгө чейин кеңири тараган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG