Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

УКМК: салыкчылар кармалган иштен улам бюджетке 100 миллион сом кайтарылды


Кыргызстандын валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматындагы коррупция боюнча козголгон жаңы кылмыш иштин иликтөөнүн алкагында бюджетке 100 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат 17-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын он кызматкери коррупцияга айыпталып, кармалганын кабарлаган.

Мекеме тараткан маалыматына караганда, кармалгандар ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын 100 миллион сомдон ашык салыгынын көлөмүн атайылап азайтканы аныкталган. Тергөө учурунда такталгандай, алардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында бул сумманын ордуна бюджетке болгону 3,3 миллион сом гана түшкөнү такталган. Иликтөөдөн кийин салыкты жашырган фирма 100 миллион сом салыкты бюджетке төктү.

18-апрель күнү ушул эле кылмыш иштин алкагында Кыргызстандагы Forester компаниясынын директору Александр Череповду кармалганын УКМК ырастаган.

Сот Мамлекеттик салык кызматынын он инспекторун камакка алуу чечимин чыгарган. Forester компаниясында тинтүү жүргүзүлүп, Черепов жана фирманын башка дагы эки жетекчиси УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда.

Forester – Кыргызстандагы дистрибьютордук ири компания. Ал 1997-жылы негизделген. Компания алкоголдук ичимдиктерди, суусундуктарды, кондитердик жана консерваланган нерселерди, жууп-тазалоочу жана башка продукцияларды жеткирүү менен алектенет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG