Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

УКМК Сокулукта тергөөчү пара менен кармалганын маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кармалган тергөөчү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотууну убада кылып шектүүдөн 5 миң доллар өлчөмүндөгү пара талап кылган. Укук коргоо кызматкери бул сумманын бир бөлүгүн, тагыраагы 100 миң сомун алып жаткан учурда кармалган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси – “Пара талап кылуу” менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Ички иштер министрлиги жана шектүү тараптан комментарий боло элек.

12-апрелде Бишкек шаарынын Свердловск районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалган. Ал дагы кылмыш ишин токтотуу убадасы менен 2 миң доллар акча талап кылганы маалым болгон.

ИИМдин Ички иликтөөлөр кызматынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын биринчи жарымында милиция кызматкерлерине карата 39 кылмыш иши козголгон. Анын 17си опузалап пара талап кылуу фактылары болчу. Ал фактылар негизинен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун милиция кызматкерлерине козголгон.

2022-жылдын жалпы жыйынтыгы жана 2023-жылдын башынан бери канча милиционер кармалып, канча укук коргоо кызматкерине кылмыш иши козголгону тууралуу толук маалымат бериле элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG