Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:31

Казакстанда жикчилдикке шектелген топтун үч мүчөсү кармалды


Петропавловск шаары. Архивдик сүрөт
Петропавловск шаары. Архивдик сүрөт

Түндүк Казакстан облусунун прокуратурасы "жумушчулардын элдик кеңешин" түзгөнүн жарыялаган топтун үч мүчөсү кармалганын 18-апрелде билдирди. "Азаттыктын" казак кызматы жазганына караганда, тергөө 19-мартта Петропавловск университетинин имаратында өздөрүн "СССРдин урпактары" деп атаган 20 чакты жаран чогулганын аныктады.

"Жыйында алар Казакстандан көз каранды эмес Петропавловск шаарынын Элдик кеңешин түзүүнү билдиришкен жана тиешелүү декларацияны кабыл алышкан. Декларацияда Казакстан мамлекетин негиздөөнүн легитимдүүлүгүн жана мыйзамдуулугун тааныбайбыз деп айтылган. Конституциялык түзүлүшкө жана аймактык бүтүндүккө шек келтирип, Казакстандын эгемендигин тааныбай турганы айтылган", - деп билдирди облустук прокуратура. Көзөмөл органы экспертизанын негизинде "жикчилдиктин белгилери" табылганын кошумчалады.

Кармалган үч кишинин аракеттери Казакстандын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык, коопсуздукка коркунуч келтирген үгүт деп сыпатталды.

Тергөөнүн кызыкчылыгында чектелген гана маалымат берилди.

19-мартта социалдык тармактарда бир нече кишиден турган топ Казакстандагы Петропавловск шаарынын "Элдик кеңешине" бириккени тууралуу видео тараган. Анын мүчөлөрү "биздин мүлкүбүздү жана ресурстарыбызды башкаруу системасынын бардык уюштуруучуларына жана кызматкерлерине ишенбөөчүлүк жарыялайбыз" деген.

Коомдогу нааразылыктан улам Түндүк Казакстан облусунун полициясы териштирүү баштаган.

"Элдик кеңеш" Казакстандын бүтүндүгүнө шек келтирбегенин, "кошуна жана башка өлкөлөрдөгү" тыюу салынган жамааттар менен байланышы жоктугун айтууда.

Казакстандын түндүгүндөгү Петропавловск Орусиянын чек арасынан 50 чакырым алыс жайгашкан. Шаар тургундарынын жарымынан көбүн орус улутундагылар түзөт.

Аймактардагы жикчилдик көйгөйлөрүн жарыялаган билдирүүлөр социалдык тармактарда пайда болуп турат. Өзгөчө Украинада согуш башталганы бул тема казакстандыктар үчүн абдан талылуу болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG