Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономика министрлери онлайн сүйлөштү


“Кытай – Борбор Азия” форматындагы экономика жана соода министрлеринин биринчи онлайн видео конференциясы. 18-апрель, 2023-жыл.
“Кытай – Борбор Азия” форматындагы экономика жана соода министрлеринин биринчи онлайн видео конференциясы. 18-апрель, 2023-жыл.

18-апрелде “Кытай – Борбор Азия” форматындагы экономика жана соода министрлеринин биринчи онлайн видео конференциясы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жыйынга Кытай Эл Республикасынын коммерция министри Ван Вэньтао, Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Казакстандын соода жана интеграция министринин орун басары Серик Жумангарин, Тажикстандын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Завки Завкизода, Түркмөнстандын соода жана тышкы экономикалык байланыштар министри Бегенч Гочмоллаев жана Казакстандын инвестиция, өндүрүш жана соода министри Лазиз Кудратов катышты.

Мындай форматта кеңешме өткөрүү демилгесин Кытай тарап сунуштаган жана дайыма өтүп турат деп пландалды. Биринчи отурумда соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, алты өлкөнүн соода тармагын жана экономикалык өнүгүү жолдорун пландоо маселелери талкууланды.

Конференциянын жыйынтыгында министрлер кызматташуунун башкы багыттарын такташты жана соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча документтердин долбоорлорун жактырышты. Ал документтерге алты мамлекеттин лидерлери Кытайдын Сиань шаарында быйыл май айында жолуккан учурда кол коёт деп күтүлүүдө.

Быйыл май айында “Кытай-Борбор Азия” 5+1 форматында саммит өтөрү мурдараак кабарланган. Ага удаа Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга алгачкы мамлекеттик сапары да уюштурулуп жатканы айтылган. Ал буга чейин Кытайга расмий жана жөнөкөй иш сапарлар менен гана барып келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG