Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Былтыр балдарга жасалган кылмыш иштеринин 31% гана сотко өткөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылган, 32% гана сотко жеткен. Калган 37% дагы эле создуктурулуп, өндүрүштө калган.

Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова 18-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде жасаган баяндамасында айтты.

Ал Акыйкатчы институту аялдардын жана балдардын укугунун бузулушу боюнча 337 окуя боюнча иш жүргүзгөнүн билдирди.

“Бул тармактагы укук бузуулардын кыскарбай жатышынын себеби катары аялдарды, балдарды урушуу, каралоо, сөгүү, ур-токмокко алуу, сексуалдык ыдык көрсөтүү коомдо кадыресе көрүнүш болуп калганын айтсак болот. Кылмыш жоопкерчилигинен куткарбоо принцибинин иштебегени, зомбулук кылгандардын жазага тартылбай калганы да бар. Тилекке каршы, коомчулукта “сүйлөшүп алабыз” деген көз караш калыптанган”, - деди Абдрахматова.

Баш прокурор Курманкул Зулушев 11-апрелде Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана укук тартиби боюнча комитеттерге көзөмөл органынын 2022-жылдагы иши боюнча отчет берген.

Анда былтыр балдарга карата жасалган кылмыш боюнча 1719 иш козголуп, 458и сотко жөнөтүлгөнү айтылган. Анын ичинен 512 иш өндүрүштөн кыскартылып, 283 иш убактылуу токтотулган. Алардын 42си башка иштерге бириктирилсе, 427 кылмыш иш кийинки жылга калган.

Балдардын кылмышы боюнча былтыр, 2022-жылы 1286 иш козголуп, 396сы сотко өтсө, 700 иш өндүрүштөн кыскартылган. Калган 14ү убактылуу токтулуп, 95и башка ишке бириктирилген. Ал эми 21 иш кийинки жылга калган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG