Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Кемпир-Абад иши: Дүйшөбаев менен Буcурманкулов абакта калды


Айбек Бусурманкулов.
Айбек Бусурманкулов.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бусурманкуловдун жана саясатчы Бектур Асановдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Алар 20-июнга чейин тергөө абагында болот.

Мунун алдында журналист сотто Айданбек Акматовдун, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун жана блогер Али Шабдандын бөгөт чарасын каралып, алардын да абактагы мөөнөтү эки айга узартылган.

Райондук сот укук коргоочу Рита Карасартованын адвокаты ооруп калгандыктан, анын бөгөт чарасын кароону 18-апрелге жылдырган.

12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында жаткан Гүлнара Журабаеваны, активист Чыңгыз Капаровду, Клара Сооронкулованы, Асия Сасыкбаеваны, Улукбек Маматаевди жана Таалайбек Мадеминовду үй камагына чыгарган.

Ушул ишке байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылган. Бул иштен улам кармалып, камалган Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Кемпир-Абад иши "жашыруун" деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.

Эл аралык уюмдар, элчиликтер жана жергиликтүү укук коргоочулар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс карап, кыргыз бийлигин аларды бошотууга чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG