Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Сосновка бекетинде жүк ташыган машиналарга убактылуу чектөө кирди


Сосновка бекети, архивдик сүрөт.
Сосновка бекети, архивдик сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 17-апрелде өлкөнүн айрым жолдорунда кар, жамгыр жаап, бороон болуп жатканын билдирди. Мындан улам, дүйшөмбүдө түнкү саат 2ден тартып Сосновка көзөмөл бекетинде оор жүк ташыган автоунааларга убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдады.

"Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлгө алып, жолдорду кардан тазалап жатат. Бишкек-Ош жолунун 124-134-чакырым жана 209-230-чакырым аралыктарында бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө. Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун Тоң-Мурун ашуусунда кар жаап, атайын техника тазалап жатат. Унаа кыймылына чектөө жок. Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда да кар аралаш бороон болуп, атайын техника даяр турат. Жол ачык. Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет", - деп жазылган кабарда.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, 16-17-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

Мындай аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG