Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Иранда украиналык учактын атып түшүрүлгөнүнөн улам 10 адам соттолду


Атып түшүрүлгөн учактын калдыктары. 8-январь, 2020-жыл. Тегеран.
Атып түшүрүлгөн учактын калдыктары. 8-январь, 2020-жыл. Тегеран.

Иранда 2020-жылдын башында украиналык учактын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу 10 аскер кызматкери соттолду. Бул тууралуу 16-апрелде Ирандагы сот системасынын Mizan Online сайтына жарыяланды. Ага ылайык, аскер бөлүктүн командири 10 жылга кесилди, анын кол алдындагылар бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылды.

2020-жылы 8-январда Тегерандагы аэропорттон абага көтөрүлгөн украиналык учак көп өтпөй жерге кулап түшүп, ичиндеги 176 адамдын бири да аман калган эмес. Бир нече күндөн кийин Иран Киевге жол тарткан учакты кокусунан атып түшүрүп алганын мойнуна алган.

Мерт болгондордун көбү Иран менен Канаданын жарандары болгон, 11 киши украиналык болгон. Тегеран маркумдардын жакындарына 150 миң доллардан кенемте төлөп берүүнү сунуштаган жана бул суммага айрымдары көнгөн эмес.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму "чындыктын түбүнө жетип, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп берүү үчүн Иран бийлигин окуяны таза иликтеп, эл аралык мекемелер менен кызматташууга" чакырган.

Уюм билдиргендей, расмий Тегеран буга чейин кырсыкты таза жана ишенимдүү иликтөө ордуна каза болгондордун үй-бүлөлөрүн коркутуп, куугунтукка алган. HRW уюмунун маалыматына караганда, кырсыктан кийинки тынч митингдерге катышкан 20дай адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Эки белгилүү активист төрт жана беш жылга эркинен ажыратылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG