Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:21

Судандагы кагылышууларда эл аралык уюмдун үч кызматкери каза тапты


Хартум шаарындагы кырдаал. 16-апрель, 2023-жыл.
Хартум шаарындагы кырдаал. 16-апрель, 2023-жыл.

Судандагы куралдуу кармаштан Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери каза тапты. Түндүк Дарфур аймагындагы кагылышуулардан аталган агенттиктин дагы эки кызматкери жаракат алды.

Мындан улам Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Судандагы гуманитардык ишин убактылуу токтотуп жатканын, уюмдун Хартумдагы бир учагына да зыян келгенин "Ассошиейтед пресс" жаңылыктар агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, соңку эки күн ичинде Судандагы кагылышуулардан 61 киши мерт болуп, 670тей жаран жараат алды.

Судандын Хартум баштаган бир катар аймактарында эки күндөн бери армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген “Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуулар уланып жатат. Соңку кармаштарга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду.

Аль-Бурхан менен Дагало 2021-жылдын октябрь айында Судандагы аскердик төңкөрүштү чогуу уюштуруп, өлкөдө демократиялык башкарууга өтүү аракети үзгүлтүккө учураган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG