Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Еврокомиссия Польша менен Венгриянын украин даны боюнча чечимин сындады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Польша менен Венгрия Украинадан дан жана бир катар азык-түлүк түрлөрүн импорттоого тыюу салгандан кийин Европа комиссиясы уюмдагы соода эрежелерине байланыштуу билдирүү жасады. Reuters жаңылыктар агенттиги жазгандай, жекшембиде жарыяланган билдирүүдө Евробиримдикке кирген мамлекеттердин соодага байланыштуу бир тараптуу аракеттери кабыл алынгыс экени белгиленген. Ошондой эле комиссия соода саясатын аныктоо Европа Биримдигинин ыйгарым укуктарына кире турганын кошумчалаган.

"Ушундай кыйын мезгилде Европа Биримдигинин алкагындагы бардык чечимдерди координациялоо жана айкалыштыруу абдан маанилүү", - деп айтылат билдирүүдө.

Польша менен Венгрия соңку чечимин өзүнүн айыл чарба тармагын сактоо аракети менен түшүндүрүп жатат. Польшанын өнүктүрүү жана технология министри Вальдемар Буданын айтымында, ишембинин кечинен тарта күчүнө кирген бул чечим азык-түлүктүн транзитине да тиешелүү болот. Ага ылайык, Европанын башка өлкөсүнө багытталган украин даны жана башка азык-түлүктөрү Польшанын аймагында калбашы керек.

Украин өкмөтү Польшанын соңку чечими эки өлкөнүн ортосундагы экспортко байланыштуу макулдашууларга каршы келерин эскертти.

Былтыр орус аскерлери Украинага басып киргенден кийин Кара деңиздеги бир катар порттор жабылып калган. Мындан улам Украинанын эгини кургактык аркылуу Борбордук Европа өлкөлөрүнө мурдагыдан көбүрөөк экспорттоло баштаган. Бул жагдай Польшада баанын төмөндөшүнө алып келип, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн нааразылыгын жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG