Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

"Чоң жетинин" башкы дипломаттары Жапонияга чогулду


"Чоң жетинин" башкы дипломаттары, 16-апрель 2023-жыл.
"Чоң жетинин" башкы дипломаттары, 16-апрель 2023-жыл.

"Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жекшембиде Жапониянын Каруидзава шаарына чогулду. Алар жекшембинин кечинде башталып, 18-апрелге чейин созула турган саммитте министрлер Орусиянын Украинадагы согушу, Кытайдын Тайванга карата агрессиясы жана Түндүк Кореянын өзөктүк куралы сыяктуу эл аралык кризистерди жана маселелерди талкуулашат.

Канаданын, Франциянын, Германиянын, Италиянын, Жапониянын, АКШнын, Британиянын башкы дипломаттарынын жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн жекшембиде кечки тамак маалындагы сүйлөшүүлөрү Кытай жана Түндүк Корея маселесине арналары кабарланды.

Саясат талдоочулар Каруидзавадагы саммитке Пентагондун ачыкка чыгып кеткен жашыруун документтеринин айланасындагы соңку жагдайлар канчалык таасирин тийгизерине байкоо салып турушат. Бул документтерде Украинадагы согуштун күнгөй-тескейи, АКШ жана НАТОнун украин армиясын күчтөндүрүү аракеттери сыяктуу бир топ маселелер камтылган. Ошондой эле бул документтер АКШ өнөктөштөрдүн, дос мамлекеттердин Орусия жана Кытай менен мамилелерине жакындан байкоо салып турганын көргөзгөн. Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү ачыкка чыккан маалыматтардын канчасы чын же жалган экенин так ырастаган эмес. 15-апрелде АКШнын башкы дипломаты Энтони Блинкен бул окуя Вашингтондун өнөктөштөрү менен мамилесине таасирин тийгизбей турганын айтты.

Мындан тышкары "Чоң жетинин" саммитинин алдында жапон премьер-министри Фумио Кисидага жарылуучу зат ыргытылгандан кийин Жапониядагы коопсуздук маселеси да күн тартибине чыкты. 15-апрелде Вакаяма шаарында болгон окуяда Кисида жаракат алган жок. Ага жардыргыч зат ыргытты деген 24 жаштагы Рюдзи Кимура жаран кармалды. Жапон премьери бул окуядан кийин коопсуздук чараларын күчөтүүнү убада кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG