Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:12

Германиядагы акыркы үч АЭС ишин токтотту


Атомдук электр станцияларынын жабылышын жактаган акция, Берлин, 15-апрель, 2023-жыл.
Атомдук электр станцияларынын жабылышын жактаган акция, Берлин, 15-апрель, 2023-жыл.

Германияда ишембиден жекшембиге караган түнү ушуга чейин иштеп келе жаткан акыркы үч атомдук электр станциясы өчүрүлдү. Немис өкмөтү 2011-жылы Жапониянын "Фукусима-1" атомдук электр станциясындагы авариядан кийин өзөктүк энергиядан толук баш тартууну чечкен. Бул чечим дагы эле немис саясатчыларынын арасында жана коомдо эки ача пикирди жаратып келет.

Германиядагы алгачкы атомдук электр станция 1961-жылы иштей баштаган. 2000-жылдары өлкөдө алардын саны 19га жетип, бардык электр энергиясынын үчтөн бир бөлүгүн өндүрүп турган. "Фукусима" кырсыгынан кийин мурдагы канцлер Ангела Меркелдин өкмөтү атомдук энергия өтө кооптуу экенин белгилеп, андан акырындык менен баш тартуу тууралуу план кабыл алган.

Бавариядагы "Исар 2", Баден-Вюртембергдеги "Неккарвестхайм 2" жана Төмөнкү Саксониядагы "Эмсланд" электр станцияларындагы акыркы атомдук реакторлор өткөн жылдын соңунда жабылышы керек эле. Бирок Евробиримдик киргизген санкцияларды улай Орусия энергия булактарын Европага экспорттобой калганына байланыштуу бул станциялардын иштөө мөөнөтү узартылган.

Ишемби жана жекшемби күндөрү Германиянын шаарларында атомдук электр станцияларынан баш тартууну жактагандардын да, ага каршы чыккандардын да митингдери өттү.

YouGov социологиялык институту жүргүзгөн сурамжылоо немис жарандарынын дээрлик үчтөн экиси атомдук энергиядан толук баш тартууну колдобой турганын көрсөттү. Жарандардын 32% атомдук электр станцияларынын иштөө мөөнөтүн белгилүү бир убакытка чейин узартууга, дагы 33% чексиз мөөнөткө узартууга чакырышат. Сурамжылоого катышкандардын 26% гана Германияда акыркы атомдук электр станцияларды токтоосуз жабууну туура деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG