Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

Москвада жума намаздан кийин согушка үндөгөн баракчалар таратылды


Звенигород шаарындагы мечиттен таратылган баракча.
Звенигород шаарындагы мечиттен таратылган баракча.

Орусиянын Москва облусунун Звенигород шаарындагы мечитте 14-апрелдеги жума намаздан кийин Украинадагы согушка үндөгөн баракчалар таратылды. Бул тууралуу кыргызстандык мигрант “Азаттыкка” билдирип, бир нече сүрөт жиберген. Анын айтымында, жума намаздан кийин мечиттен чыгып бараткан ар бир адамга баракчалар таратылган. Бирок мигранттардын көбү дароо эле ыргытып жиберишкен.

Анын биринчи бетинде орус президенти Владимир Путин менен Сауд Арабиянын ханзаадасы Мухаммед ибн Салмандын сүрөтү түшүрүлүп, Орусия ислам өлкөлөрүнө жардам берүүгө аракет кылып келгени жазылат. Ага улай эле “балким мусулман элдери Орусияга жардам бере турган учур келгендир” деген сүйлөм кетет.

Буга чейин Орусиядагы мигранттарды Украинадагы согушка чакыруу активдешкени кабарланган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын бийлиги чет жактагы согуш аракеттерине катышкандардын жоопкерчилиги карала турганын эскертип келет. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG