Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:31

1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт


2023-жылдын 1-майынан тартып, 700 кВт саатка чейин колдонулган электр энергиясынын баасы 1 сом болот. Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-апрелде кол койду.
Учурдагы баа 77 тыйын.

700 кВт сааттан ашык пайдаланган учурда мурунку баасы 2 сом 16 тыйын сакталат. Ал эми калктын аярлуу катмары үчүн 700 кВт саатка чейин мурдагы 50 тыйын бойдон калат. Токтомдо ошондой эле калкка сунушталган "чектөөсүз" тарифи 5,04 сомдон 3 сом 28 тыйынга төмөндөтүлдү.

"Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатат",-деп айтылат Министрлер кабинети тараткан маалыматта.

Президент Садыр Жапаров энерготармактын каатчылыкка туруктуулугун жогорулатуу үчүн 1-майдан баштап светтин баасы 30% көтөрүлөрүн жарыялаган. Өкмөт электр тарифи мындан ары инфляцияга карап өсүп турарын эскертип келет.

Кыргызстан электр энергиясына болгон ички суроо-талапты жаба албай, аны импорттоого аргасыз болууда. Тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөрүүлөр эскирген энергетикалык жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет деп айтылды. Учурда энергетика жабдууларынын 80%дан көбү эски.

Кыргызстанда быйыл январдын ортосунда суук катуу болуп, электр энергиясын керектөө көбөйгөндүктөн бийлик жарыкты кезек-кезеги менен өчүрүп турууга мажбур болду.

Кыргызстан энергетикадагы бардык кубаттуулуктарын бириктиргенде азыркы учурда 15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Ошол эле маалда керектөө 18 млрд. кВт болууда, кубаттуулук жетиштүү болсо андан дагы ашышы мүмкүн. Өндүрүлгөн энергиянын 60% калкка, 40% өндүрүштүк жана коммерциялык ишканаларга сатылат. Калкка сатылган свет өздүк наркынан төмөн баада сатылгандыктан, анын чыгымы мамлекеттик бюджеттен каржыланат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG