Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Президенттин Оштогу өкүлүнүн орун басары соцтармакта тараган видео тууралуу маалымат берди


Данияр Жаныкулов.
Данияр Жаныкулов.

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов өзү тууралуу интернетте тараган видеолорго Фейсбуктагы баракчасында маалымат таратты.

Ал "Азаттыкка" берген комментарийинде муну өзүн атайлап каралоо аракети катары баалай турганын билдирди.

"Мен жөнүндө бир жыл мурдагы иш ордумдагы видеолорду чыгарып каралоо аракетин көрүшүптүр. Ошко келген 1 жыл 9 айда 1400 гектар жерди мамлекетке кайтардым. Акчалуулардын мыйзам бузуп кызыл сызыкка чейин чыгып, салып алышкан көптөгөн имараттарын буздуруп, талкалаттым. Акчалуулар, мыйзамды уруп ойнобогондор мага каршы чыкпаганда, ким чыгат?" - деди ал.

13-апрелдин кечинде социалдык тармактарда Данияр Жаныкуловго түспөлдөш киши иш бөлмөсүндө бир нече адамдан конверт алганы, акча санап атканы тартылган видеолор тарап, коомчулукта катуу талкуу, сынга жем таштады.

Жаныкулов анын өз кабинетинде тартылганын ырастады, бирок ал конверттерди элден келген арыз-муң, ар кайсы майрамдарда ишканалар жиберген куттуктоолор деп түшүндүрдү. Ал тараткан түшүндүрмө видеодо талкууга түшкөн тасмада тартылган башка адамдар, кызматкерлер да сүйлөп, маалымат беришкен.

Видео ким тарабынан тартылганы жана таратылганы белгисиз. Укук коргоо органдары видео тууралуу комментарий бере элек. Данияр Жаныкулов милиция же атайын кызматтын өкүлдөрү өзүн суракка алды деген маалыматтарды четке какты.

Ал биринчи орун басарлык кызматка 2022-жылдын августунда дайындалган.

42 жаштагы Данияр Жаныкулов бул кызматка чейин Таластагы Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген. Ага чейин ЭлТР, КТРК каналдарында иштеген.

Март айында жергиликтүү маалымат каражаттары президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов кызматтан кетип, ордуна Данияр Жаныкулов дайындалышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG