Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

УКМК Ысык-Көл райондук сотунда 150гө жакын кылмыш, жарандык иштер жоголгонун билдирди


Ысык-Көл райондук соту.
Ысык-Көл райондук соту.

Ысык-Көл райондук сотунда 150гө жакын кылмыш, жарандык иштердин жоголуу фактысына байланыштуу Жазык кодексинин 348-беренесине ылайык (Шалаакылык) тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 13-апрелде кабарлады.

Маалыматка караганда, бул иш боюнча райондук соттун жооптуу кызматкерлеринин аракеттери текшерилип жатат.

"Тергөөнүн маалыматы боюнча, айрым резонанстуу кылмыш иштерин жана мүлк иштерине байланыштуу мыйзамсыз кабыл алынган сот чечимдерин жашыруу, материалдык пайда алуу максатында документтер жоголгон. Учурда кылмышкерлерди аныктоо жана жоголгон кылмыш иштерди издөө боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылган атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ысык-Көл райондук соту, Жогорку сот УКМКнын маалыматы жана кылмыш иштеринин жоголушу тууралуу комментарий бере элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG