Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Депутат Маткеримов согушта жаракат алып, кайта албай жаткан жарандар бар экенин айтты


Орусиядагы "Сахарово" миграция борбору.
Орусиядагы "Сахарово" миграция борбору.

Парламенттин депутаты Айбек Маткеримов 12-апрелдеги сессияда Орусиядан өз каалоосу менен согушка кетип, жаракат алып мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктар бар экенин айтты. Депутат алар Кыргызстанга кайтып келе алабы деген суроону жыйынга катышкан укук коргоо органдарынын жетекчилерине узатты.

“Биздин жарандардын арасында өз каалоосу менен барып, согуштан жаракат алып Орусияда жүргөндөр бар экен. Алар биздин өлкөгө келгенден коркуп жатышат. Кыргызстанга келсе, алардын тагдыры кандай болот?” – деп суроо салды ал.

Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү ар бир фактыга өзүнчө укуктук баа берилерин билдирди. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кыргыз жарандарынын башка өлкөдө согуштук аракеттерге катышууга тыюу салынганын белгилеп, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын кошумчалады.

Парламентте эки күндөн бери Орусияда жеке компаниялар абактагы мигранттарды согушка азгырып жатканына байланышкан маселе көтөрүлүп жатат. Буга чейин депутат Өмүрбек Бакиров Орусиянын абактарынан кыргызстандыктар согушка кандай шартта кеткенине кызыгып, алардын санын сураган.

УКМКнын төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев учурда Украина-Орусия согушунда канча кыргызстандык жүргөнү жөнүндө маалыматты депутаттын өзүнө берерин билдирген. Ал эми башкы прокурор Зулушев Орусиянын абактарындагы кыргызстандыктар өз каалоосу менен согушка кетип жатканын айтты.

Зулушев быйылкы жылдын үч айында Орусиядагы абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 15 адам Кыргызстанга экстрадицияланганын маалымдады.

Ушул тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашык кыргыз жараны камакта жатат. Орусияда "Вагнер" менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды согушка жалдап келатат.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG