Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Италия мигранттар көбөйгөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады


Иллюстрация. Италияда тартылган сүрөт.
Иллюстрация. Италияда тартылган сүрөт.

Италиянын бийлиги мыйзамсыз мигранттардын агымы болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

Euronews кабарлагандай, 2023-жылдын башынан бери Италияга деңиз аркылуу 30 миң мигрант келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эсе көп.

Италия өкмөтүндөгү булактар өлкөнүн түштүгүндөгү Лампедуза, Сицилия порттору мигранттардын агымын башкара албай жатканын билдирди.

Марттын башында Италиянын бийлиги мигранттарды мыйзамсыз ташыгандар 30 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскерткен.

Адатта Европага Жакынкы Чыгыштан жана Африкадагы мамлекеттерден жарандар деңиз аркылуу мыйзамсыз келишет.

БУУнун Качкындар иштери боюнча уюмунун маалыматына караганда, 2014-жылы Жер Ортолук деңизи аркылуу түрдүү кайыктар менен 218 миң мигрант Европага өтүүгө аракет кылып, 3 500гө жакыны чөгүп өлгөн.

2015-жылы жээктен 950гө жакын мыйзамсыз мигранттар келаткан кеме чөгүп, 28 гана киши тирүү калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG