Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:01

Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы күмүш байге алды


Айпери Медет кызы.
Айпери Медет кызы.

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болду.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы 11-апрелде 76 килограмм салмакта үч беттеш өткөрдү. Чейрек финалда индиялык Прия Прияны 4:0, жарым финалда жапониялык Мизуки Нагашиманы 3:2 эсебинде жеңди. Финалда казакстандык Элмира Сыздыковага жеңилип, 2-орунду ээледи.

Айпери Медет кызынын байгеси бул чемпионаттагы Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы үчүн экинчи байге. Буга чейин күрөштүн бул түрүнөн 59 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы коло байге алган. 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова 3-орун үчүн беттеште жаракат алгандыгына байланыштуу таймашты уланта алган жок.

Күрөштүн бул түрүнөн таймаштар 12-апрелде уланат. Анда Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Бермет Нуридин кызы (57 кг), Нурзат Нуртаева (72 кг) жана Дилназ Сазанова (65 кг) килемге чыгышат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG