Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:42

ИИМ: Абхаз номурлуу машинелердин каттоо маселеси качан чечилери белгисиз  


Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов абхаз номурлуу автоунааларды каттоо маселеси качан чечилери белгисиз экенин билдирди. Парламенттин 11-апрелдеги тармактык комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ал Абхазия, Армениядан ташылып келген машинелерди каттоо татааал маселе болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Казакстанда автотранспортту каттатуу үчүн бир жолку мунапыс берүү тажрыйбасы дагы ал өлкөдө татаал болуп жатат. Анын маалыматында, бир документке эки машине катталып калган учурлар көп чыгууда.

“Эгерде биз ушундай жолго бара турган болсок, анда мыйзамсыз ташылып кирген машинелерди легалдаштырып алабыз. Бул туура эмес”, - деген Исраилов чет өлкөлүк номурдагы автоунааларга “Коопсуз шаар” долбоору менен айып пул салуу жолго коюлганын кошумчалады.

Абхазиядан ташылган автоунаалардын Кыргызстанда каттоону айдоочулар суранып келет. Маалыматка ылайык Жапониядан ташылган машиненин документтери Абхазияда жасалып, ошол жердеги тургундардын бирине катталат. Андан кийин автоунаага ээлик кылган адам машинени Орусиянын аймагына киргизип, ал жерден Кыргызстанга жиберилет. Бул машинелер - Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө тыюу салынган оң рулдуу автоунаалар.

Кыргызстандагы абхаз номуру менен жүргөн автоунаалардын ээлери машинени өзүнө каттатып, башка бирөөгө сатып же болбосо убактылуу айдап турууга да бере албайт. Анткени Абхазиядан келген машинелер ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт.

Кыргызстанга Абхазия аркылуу келген автоунаалардын саны белгисиз. Бирок андай номурлуу машинелер Кыргызстандын аймагында, өзгөчө Бишкек шаарында көп кездешет. Абхазия 1992-жылы Грузиядан бөлүнүп өз алдынчалыгын жарыялаган мамлекет. Москва Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары тааныган. Орусиянын мындай чечимин дүйнөдөгү саналуу өлкөлөр гана колдогон.

Абхазияны өзүнчө мамлекет катары дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан да тааныган эмес. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG