Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан ок атышуу болду


Армения-Азербайжандын чек арасы. 18-ноябрь, 2022-жыл
Армения-Азербайжандын чек арасы. 18-ноябрь, 2022-жыл

Армения жана Азербайжандын чек арасында атышуу болгонун эки тараптан тең аскер өкүлдөрү билдирди. Маалыматтарга караганда, каза тапкандар жана жабыркагандар бар.

Армениянын Коргоо министрлиги атышуу "11-апрелде жергиликтүү саат 16 чамасында Сюник облусундагы Тех айsлынын айланасында болгонун" маалымдап, "Азербайжандын куралдуу күчтөрү инженердик иштерди аткарып жаткан аскерлерге ок ачканын, аларга жооп кайтарылганын" билдирди. Мындай маалымат "Азаттыктын» армян редакциясынын сайтында жарык көрдү. Министрлик набыт болгондор жана жарадарлар бар деп кабарлады.

Азербайжан Коргоо мекемеси Армениянын куралдуу күчтөрү Лачин районунда азери армиясынын турумдарын аткылаганын билдирди.

"Тех айылы тарабынан тынбай аткылашты. Азербайжан армиясынын бөлүктөрү адекваттуу жооп кайтарды. Азербайжан тарапта өлгөн жана жарадарлар бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Тараптар жоготуулардын жана жабыркагандардын так санын айткан жок. Ар биринин версиясын тактоого мүмкүн эмес.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти көзөмөлдөйт.

Былтыр сентябрда чек арадагы кагылышууда эки тараптан 300дөй аскер окко учкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG