Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:16

Прокурор акимдин мурдагы орун басары Руслан Бекназаровго үч жыл сурады


Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

Мамлекеттик айыптоочу экстремисттик материалдарды тараткан деп айыпталып жаткан Руслан Бекназаровду үч жылга эркинен ажыратууну сурады. Биринчи май райондук сотунда 11-апрелде жарыш сөз болду. Соттун жүрүшүндө тартылган видеону Бекназаров Фейсбуктагы баракчасына жүктөдү.

Анда прокурор Руслан Бекназаровду Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратууну сурады.

Бекназаров эч кандай күнөөсү жок экенин кайталады. Соттогу акыркы сөз 25-апрелге дайындалды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2022-жылдын 14-сентябрында Бишкектин Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Руслан Бекназаровдун кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Аны Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде социалдык түйүндөрдө “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеологиясына үгүттөгөн материалдарды жайылтып жүргөн аккаунт менен байланыштырган. Бекназаров дээрлик эки ай тергөө абагында камалып отургандан кийин үй камагына чыккан.

Ноябрда акимдин биринчи орун басары кызматынан өз арызы менен кызматтан кеткенин билдирген. Ал саясатчы жана мурдагы элчи Азимбек Бекназаровдун уулу. Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камакта отурат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG