Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

WP: Египет Орусияны ракеталар менен жашыруун камсыздоону көздөгөн


Абдель Фатах ал-Сиси менен Владимир Путин. Сочи, 2014-жыл
Абдель Фатах ал-Сиси менен Владимир Путин. Сочи, 2014-жыл

Египеттин президенти Абдель Фатах ал-Сиси Орусияга жашыруун жөнөтүү үчүн 40 миңдей ракета чыгаруу буйругун берген.

Бул тууралуу ачыкка чыгып кеткен америкалык документтерге шилтеме менен The Washington Post (WP) гезити жазды.

Маалыматка караганда, “өтө жашыруун” деген гриф коюлган быйылкы февралдагы документте ал-Сиси менен жогорку аскер адамдарынын сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну камтылган.

Анда Орусияга артиллериялык дүрмөттөрдү жиберүү планы кеп болгон. Документке ылайык, президент аткаминерлерге “Батыш менен маселе чыкпасын” деп, бул ишти купуя кармоону айткан. Египеттин курал-жарак өндүрүш министри Салах ал-Диндин "орусиялыктар эмне болсо да сатып алууга даяр" деп айткан сөздөрү келтирилген.

Египеттин тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ахмед Абу Зейд "өлкө эң башынан бул кризиске кийлигишпөө позициясын карманганын” журналисттерге айтты.

Атын атабаган америкалык аткаминер Вашингтон ракаталар берилгенинен кабардар экенин билдирди. The Washington Post белгилегендей, Орусияны курал менен камсыздоо Египетке каршы санкцияларга алып келиши ыктымал. 1987-жылдан бери өлкө АКШнын “НАТОдон тышкаркы негизги өнөктөшү” деген макамга ээ.

Пентагондун жана НАТОнун украин армиясынын контрчабуулу, Киевди курал-жарак менен камсыздоо өңдүү маалыматтары камтылган айрым жашыруун документтер интернетке жарыяланып кетти. Вашингтон маалыматтардын ачыкка чыгып кетишинин чоо-жайын иликтеп жатат, окуяга байланыштуу кылмыш иш козголду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG