Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

Кемпир-Абад иши: абактагылар парламентке кайрылды


"Кемпир-Абад иши" боюнча камалгандардын айрымдары.
"Кемпир-Абад иши" боюнча камалгандардын айрымдары.

Массалык башаламандыкка шектелип кармалган саясатчы, активист, блогерлер абактан кат жазып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды. Алардын кайрылуусун жакындары таратты.

Анда абактагылар алты айдан бери кылмыш ишине байланыштуу эч кандай далил табылбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү социалдык тармактарда 2-3 жыл мурда жазылган билдирүүлөрдү экспертизага берип, башка кылмыштарга айыптап жатканын билдиришкен. Алар депутаттардан ИИМ жетекчилигин Жогорку Кеңешке чакырып, маалымат алууну суранышкан. Камактагылар президентке өздөрү тууралуу жалган маалымат берилип жатат деп эсептешет.

Былтыр октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалып, азыр 20дан ашыгы абакта отурушат. Бир нечеси ден соолугунан улам үй камагында.

Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, активисттер камалгандарды бошотууга, укуктарды тебелебей, сөз эркиндигин камсыздоого бийликти чакырышкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок деп билдирген, камакка алынгандарды төңкөрүш уюштуруу аракетин көргөн деп айыптаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG