Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Алмазбек Исманкулов 9-июнга чейин камакта калды


"Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиясы" деп аталган клиинканын имараты.
"Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиясы" деп аталган клиинканын имараты.

10-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын директору Алмазбек Исманкуловду бөгөт чарасын карап, 9-июнга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.

10-февралда Башкы прокуратура Исманкулов менен Бишкек шаар мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталганын маалымдаган. Ага ылайык, Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты бейтаптар үчүн орун жетишсиздигине карабай арзан баага ижарага мыйзамсыз берилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Алмазбек Исманкулов менен Бишкектин муниципалдык менчик департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулу кармалган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 12-февралда алардын бөгөт чарасын карап, Исманкуловду 9-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камаган. Рыскулбек уулу үй камагына чыгарылган.

Клиниканын тегерегиндеги чуу былтыр февралда башталды. Ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев имаратты бошотууну талап кылып, бир нече жолу ал жакка өзү да барган. Ал кезде бул аракеттерден майнап чыкпай, Бишкек мэриясы кайра ижара келишимин түзгөнү белгилүү болгон.

Жакында эле Саламаттык сактоо министрлиги "Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиясы" деп аталган клиника ээлеп турган имаратка Бишкек шаарынын №2 ооруканасына караштуу неврологиялык бөлүм ачыларын кабарлаган.(BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG