Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:37

Вашингтондо Кыргызстан менен АКШнын алака-катышы талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев 30-мартта Вашингтондо Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи 7-апрелде маалымат таратты. Анда жыл сайын уюштурулуучу эки тараптуу кеңешменин бешинчи отурумунда саясат, коопсуздук жаатында кызматташуу, экономика, басма сөз эркиндиги, демократия жана мыйзам үстөмдүгү өңдүү маселелер талкууланганы белгиленген.

"Эки өлкөнүн өкүлдөрү Сириядагы 59 кыргызстандыкты мекенине кайтаруу жана реинтеграциялоо боюнча ийгиликтүү аракеттер, чек ара коопсуздугу жана колдоо, глобалдык саламаттык сактоо маселелерин талкуулашты. Вашингтон аймактагы тынчтыктын жана коопсуздуктун борбордук элементи катары эл аралык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча расмий Бишкектин аракеттерин кубаттады. Эки өлкө эркин жана ар түрдүү медиа мейкиндигинин, күчтүү жана динамикалуу жарандык коомдун жана аялдардын укуктарын кеңейтүү аракеттерин кошкондо, бардыгы үчүн адам укуктарын коргоонун жана гендердик зомбулукка, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул деген дени сак жана өнүккөн демократиянын негизи болуп саналат", -деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле бул жолугушууда киберкылмыштуулук менен күрөшүү жана активдерди кайтаруу жаатындагы мындан аркы кызматташуу сөз болгон. Андан сырткары расмий жана расмий эмес сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленген.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу консультациялардын кезектеги айлампасы эмдиги жылы Бишкекте өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG